Жалал-Абадда бүгүн бир катар маршруткалар жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орозо айынын урматына шаардын №101, 104, 103,105, 109, 110 маршруттук каттамдарында бирден кичи автобус жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт.
Муниципалитеттен белгилешкендей, акысыз каттам жүргүзө турган кичи автобустарга «Орозо айынын урматына жол акы алынбайт” деген жазуу илинген.