Ош шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт

Бүгүн Ош шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 17.00гө чейин тѳмѳндѳгү даректерде электр энергиясы өчүрүлөт: — Бекбалаев, Ашимахунов, Навои, Раимбеков, Ош, Монуев, Өзгөн, Турсунбаев, Масалиев, Алай, Сун-Ят-Сена, Бабараимов, Кара-Суу, Мира, Жим, Абакир уулу Төрөбек, Кош-Таш, Парпиев, Аношин, Артыков, Водозаборная, Иминов, Мирсаатов,… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө электр жарыгы болбойт: Азимов, Манас №59, 65, 47, 55, 57, Олимпийский №74, 72, 21, 22а, 64, 66, 76, Дружба №61, 63, Нижний Арал, Айтматов, Толук,… Кененирээк…

Ош драма театры капиталдык оңдоп-түзөөдөн быйыл өткөрүлөт

Ош драма театры капиталдык оңдоп-түзөөдөн быйыл өткөрүлөт.   Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, Султан Ибраимов атындагы маданий жайды толук ондоо жыл аягына чейин башталат. Маалыматка ылайык, учурда долбоор түзүп, сметасын тактоо иштери жүрүүдө.

Кыргызстанда 167 бүтүрүүчү мектепти артчыкчылык аттестаты менен аяктады

Кыргызстанда 167 бүтүрүүчү мектепти артчыкчылык аттестаты менен аяктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын окуучулары.   Белгилеп кетсек, өзгөчө үлгүдөгү сертификат алуу үчүн тестти 2 миңдей бүтүрүүчү тапшырган. Негизги жалпы билими тууралуу документ окуучуларга жайында тапшырылат.

Курулушу жүрүп жаткан социалдык объектилерге видеобайкоо орнотулууда

Кыргызстанда курулушу жүрүп жаткан социалдык объектилерге видеобайкоо орнотулууда.   Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, учурда 240 соцобъектинин 97сине камералар коюлду. Анын алкагында курулуш иштеринин жүрүшү көзөмөлдөнүүдө.   Видеотрансляцияны толук жана жеткиликтүү камсыздоо максатында өкмөт санариптик онлайн-карта да иштеп чыккан. Бүгүнкү күндө ага… Кененирээк…

Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам жанданат

Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам 16-майдан тарта жанданат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учууларды ата мекендик авиакомпания жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. Белгилеп кетсек, самолет буга чейин жумасына бир жолу — ишемби күндөрү каттап турган.

Нарын тоолоруна 5,2 миң түп карагай көчөтү отургузулду

Нарын токой чарбасынын аймагындагы Желе-Карагай тилкесинде 5 гектар жерге 5,2 миң түп кызыл карагайдын көчөтү отургузулду.   Токой чарбасынан билдиришкендей, акция “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.   Иш-чарага Нарын токой чарбасынын жана “Студенттер жашыл экономика үчүн” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.