Тышкы иштер министрлиги Россиянын миграциялык мыйзамдарында маанилүү өзгөрүүлөр болгонун эскертет

Тышкы иштер министрлиги Россиянын миграциялык мыйзамдарында маанилүү өзгөрүүлөр болгонун эскертет.   Ага ылайык, кыргызстандыктар ушул жылдын октябрь айынан тартып Россияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарына электрондук форматта жөнөтө алат.   Ал үчүн “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында”… Кененирээк…

“Улуттук энергохолдинг” компаниясы жоюлуп, анын ордуна дирекция түзүлөт

“Улуттук энергохолдинг” компаниясы жоюлуп, анын ордуна дирекция түзүлөт.   Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында жаңы түзүм инвесторлор менен түздөн-түз иштешип, генерация болуучу кубаттуулукту өндүрөт.   Эске салсак, энергетикалык ишканаларды бириктирген мекеме катары 1990-жылдары негизделен холдинг буга чейин 2001-жылы, 2016-жылы да кайра… Кененирээк…

Мыкты билимди элеттеги жөнөкөй мектептерден да алса болот

Мыкты билимди борбордогу мектептерден гана эмес элеттеги жөнөкөй мектептерден да алса болот. Муну Тоң районунун Темир-Канат айылындагы Кулуке Тилеков атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Кубанычбек Денсолуков өз мисалында далилдеди.   Ал “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгы боюнча мектепти артчыкчылык аттестаты менен аяктагандардын катарына кирди.   Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду жакында ишин баштайт

Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча иштер аягына чыгып калды. Бул тууралуу Novosti.kgге Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.   “Өнүктүрүү фонддору кайсы жакта потенциал чоң бирок өнүгүү жок болуп жатса, ошол жакка барып өнүккөнгө жардам бериши керек. Негизги саясат ошондой. Анан мамлекет… Кененирээк…

Инвестициялык, улуттук, регионалдык долбоорлор 5 жылга салыктан бошотулат

Кыргызстанда инвестициялык, улуттук, регионалдык долбоорлор 5 жылга салыктан бошотулат. Бул боюнча жалпы жобо жакында бекитилет деп билдирди Novosti.kgге Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова.   «Ага чейин ишкер жүрүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча отчет берип турат. Анткени балким ал режимди алып бирок иштебей коет.… Кененирээк…

2045-жылга карата дүйнө калкынын төрттөн бири ашыкча салмактан жабыркайт

2045-жылга карата дүйнө калкынын төрттөн бири ашыкча салмактан жабыркайт.   Окумуштуулар семирүүдөн тышкары жер жүзүндөгү ар бир сегизинчи адам экинчи типтеги кант диабети менен ооруйт деп болжолдошууда.   Илимпоздор семирүү эпидемиясын токтотуунун бирден-бир жолу 2045-жылга чейин ашыкча салмактуу адамдардын санын 10 пайызга кыскарта ала турган… Кененирээк…

Дарыялардын жээгин бекемдөө, селден коргоо иштерине 198,5 млн сом бөлүндү

Быйыл дарыялардын жээгин бекемдөө, селден коргоо иштерине жалпысынан 198,5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелерине 100 миллион, аталган министрликтин «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматына 98,5 миллион сом берилди.   Белгилеп кетсек, каражат тармакка жыл сайын эле… Кененирээк…

Электр энергиясынын тарифи эми жыл сайын өзгөрүп турат

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи эми жыл сайын өзгөрүп турат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн пресс-конференцияда “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын жетекчиси Талайбек Байгазиев билдирди.   Тариф мындан ары бир жылда бир жолу өзгөртүлүп турат. Быйылкы жылга башка жогорулоо болбойт. Өнөр жай абоненттери үчүн өзүнчө коэффициенттер бар, ал такталат,… Кененирээк…

Келе жаткан ишемби Кыргызстанда жумуш күнү

Келе жаткан ишемби Кыргызстанда жумуш күнү.   Май айындагы майрамдар менен дем алыштарды кошкондо кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бул 8-май, дүйшөмбүдөгү иш күндү 13-майдагы дем алышка которуунун эсебинен мүмкүн болду.   Муну менен жарандар алдыдагы ишембиде жумушка чыгат.

Надира Жусупбекова ээлеген кызматынан бошотулду

Надира Жусупбекова билим берүү жана илим министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.   Жусупбекова министрдин орун басары кызматын 2018-жылдан тарта аркалап келген.