Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам 16-майдан тарта жанданат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учууларды ата мекендик авиакомпания жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. Белгилеп кетсек, самолет буга чейин жумасына бир жолу — ишемби күндөрү каттап турган.