Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаева эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту абактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алды. Бул тууралуу маалыматты райондук соттон ырасташты.

 

Аны камакка алуу боюнча өтүнүнчү УКМКнын тергөөчүлөрү келтирген. Алимбаеванын адвокаттары камакка байланышпаган чара кабыл алууну суранган.

Мунун алдында Салкынай Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев «Азаттыкка» комментарий берип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында аны менен жолугуп чыкканын айткан. Адвокаттын айтымында, Алимбаевага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча айып тагылган. Ал окуя былтыр болгонун, тергөөчүлөр “коррупция” деген берене менен айып тагышканын, Алимбаеванын бул окуяга тиешеси жоктугун билдирген.

Сотко кирип бара жаткан учурда Салкынай Алимбаева өзү да журналисттерге учкай комментарий берип, тергөө коюп жаткан айыптарга тиешеси жок экенин, күнөөсү жок экенин айтты.

 

Абактагы оппозиционер саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган. УКМК анын ишине байланыштуу азырынча маалымат бере элек.

 

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде жыйырмадан ашуун саясатчы, жарандык активист менен чогуу камалган. Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Саясатчы 28-майда өтө турган Бишкектеги Ленин округунан парламент депутатын шайлоого талапкер болуп катталган.