Бүгүн Бишкекте жарым марафонго карата айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Бүгүн Бишкекте жарым марафонго карата айрым көчөлөр убактылуу жабылат.

 

Мэрия маалыматына ылайык, Бишкекте жыл сайынкы түнкү чуркоо өтөт. Иш-чара кечки саат 7де башталып, түн жарымга чейин созулат.

 

Буга байланыштуу кечки саат 8ден түнкү 12ге чейин Валиханов көчөсүнүн Анкара – Чүй бөлүгү, Чүй проспектисинин Валиханов – Ауэзов тилкесинин бир бөлүгү тосулат. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.