Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20 күн газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө 20 күнгө чукул убакыт газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасы кабарлады.

Убактылуу өчүрүү Фрунзе көчөсүнүн Осмонкул көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүн жаңы газ кууруна туташтыруу иштерине байланыштуу экени айтылды.

 

«Фрунзе көчөсүндөгү иштер борбор калаанын газ бөлүштүрүүчү инфраструктурасын жаңылоо боюнча газ кызматынын иш-чаралар планына кирет. Совет доорунда орнотулган орто басымдагы жер астындагы газ түтүгү 40 жылдан ашык убакыт бою кызмат өтөп, дээрлик толугу менен эскирген. Ошондуктан буга чейин узундугу 5,9 км болгон жаңы газ өткөргүч түтүгү орнотулуп, ага пландаштырылган иштердин алкагында Фрунзе көчөсүндөгү бул тилкеде жайгашкан шаардыктардын үйлөрүнө жаратылыш газын берүүнү камсыз кылган 16 газорегулятордук шкаф кайра туташтырылат», — деп айтылат маалыматта.

 

Буга байланыштуу 21-июндан тарта чыгышы Осмонкул көчөсүнөн — батышы Жаш Гвардия бульварына чейинки, түштүгү Москва көчөсүнөн — түндүгү Жибек жолу проспектисине чейинки аймакта жашаган бардык үйдө газ токтотулат.

«Бишкекгаздын» иши төрт этапта жүргүзүлүп, ар бир этап аяктаган соң, ошол аймактагы абоненттерге газ берилип турат. Жумушту толук аяктоо 9-июлга мерчемделген. Ишти тездетүү максатында «Чуйгаз» жана «Севертрансгаз» ишканаларынан да кошумча жумушчу топ жардамга келери маалымдалды.