Бүгүн кечинде №5 жана №7 троллейбустук каттамдар линияга чыкпайт

Бүгүн, 17-июнда саат 18:00дөн баштап №5 жана №7 троллейбустук каттамдар убактылуу иштебейт.

Муниципалитеттен билирдиришкендей, троллейбустар бул күнү жыл сайын өтүүчү “Түнкү чуркоо” марафонуна байланыштуу токтотулат. Катышуучулар кечки саат алтыда Анкара, Чолпон-Ата көчөлөрү жана Чүй проспектиси менен чуркашат.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.