Калкты тейлөө борборлорунда чет элдиктерди онлайн каттоо функциясы киргизилет

Калкты тейлөө борборлорунда чет элдиктерди онлайн каттоо функциясы киргизилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди.

 

Анын айтымында, 24-июлдан тарта чет элдик жарандарды өлкөгө киргенде эле идентификациядан өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Статистика боюнча өткөн жылы 660 миңден ашык чет элдик жаран ушул процедурадан өтүү үчүн узун кезекте турууга аргасыз болушкан.