Кыргыз балбан кыздары Азия чемпионатында 5 медаль алышты

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы (U-15) Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

36 кг чейинки салмак категориясында катышкан Айдеми Асангазиева, 62 кг чейинки салмакта Аяна Асамаликова күмүш медалга ээ болушту.

33 кг чейинки салмакта Асема Амангариева, 42 кг чейинки салмак категориясында Аяна Асылбекова жана 50 кг чейинки салмакта Асема Төрөгелдиева коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты. Командалык эсе