Араванда 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Араван районунунда 225 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Объекттин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган. Сметалык наркы 71 млн сомду түздү.