Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта «Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн», — деп жазылган.

 

Буга чейин Жогорку Кеңеш тиешелүү документти талкуусуз, чукул кабыл алган. Мыйзамга беш депутат «каршы» добуш берген.

 

Желекти өзгөртүү Кыргызстанда эң кызуу талкууланган маселеге айланды.