Бишкекте эртеңден тарта 2 көчө бир тараптуу болуп өзгөртүлөт

 

Бишкекте эртеңден тарта 2 көчө бир тараптуу болуп өзгөртүлөт.

 

Мэриядан эскертишкендей, Гоголь көчөсүнүн Жумабек – Москва тилкесинде эми түштүк багытка карай гана жүрсө болот, ал эми Сүйүмбаев көчөсүнүн Москва – Жибек Жолу бөлүгүндө – түндүктү көздөй.

 

Учурда бул тилкелерде тиешелүү жол белгилери орнотулуп, чийиндер түшүрүлүүдө. Муниципалитеттен белгилешкендей, 14-январга чейин дагы 8 көчөдө бир тараптуу кыймыл киргизилет.