Кыргызстандын мамлекеттик туусу өзгөртүлгөндөн кийин паспортторду алмаштыруунун кажети жок

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өзгөртүлгөндөн кийин паспортторду алмаштыруунун кажети жок. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон такташкандай, азыркы желек түшүрүлгөн бардык расмий документтер алардын мөөнөтү соңуна чыкканга чейин жарактуу болот. Эске салсак, президенттин демилгеси менен Кыргызстандын желеги өзгөртүлдү.

 

Андагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз формада желбирейт.