Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт Ала-Тоо аянтынан 12 багытта жүрөт

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт Ала-Тоо аянтынан 12 багытта жүрөт.

 

Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 1-январга караган түнү автобус-троллейбустар түнкү саат бир жарымга чейин Ала-Тоо аянтынан Рухий-Мурас, Көк-Жар, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Босого, Ала-Тоо, Бакай-Ата, Эне-Сай конуштарына, Аламүдүн-1, 12-кичи райондорго, Чоң-Арык айылына жана Совмин шаарчасына  каттайт.