Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу райондордогу трассаларда кар жаап, шамал болуп жатканына карабай, кыймылга чектөөлөр киргизилген жок. Жолчулар тынбай иштеп жатат.

 

Бирок айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды алып жүрүп, жол эрежелерин так сактоо сунушталат.