Кыргызстанда эми өзгөртүлгөн туу колдонулат

Кыргызстанда эми өзгөртүлгөн туу колдонулат. Мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.   Ошондой эле өзгөртүлгөн мыйзамда мамлекеттик туу түшүрүлгөн документтер жана унаалардын номерлери жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулары жазылган.   Эске салсак,… Кененирээк…

ЖК комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот – укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Бакыт Төрөбаевди суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берди. Буга чейин Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.   Президент… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында 10,5 млрд куб метр суу бар

26-декабрга карата Токтогул суу сактагычына чогулган суунун көлөмү 10,589 млрд метр кубду түздү. Бул декабрь айынын башындагы көрсөткүчтөн 822 млн метр кубга аз. «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, 26-декабрда суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 173 метр кубду түзсө, 546 метр куб… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлору жана паспорт столдору кадимки тартипте иштейт

Өтүп бараткан жылдын акыркы жумасында калкты тейлөө борборлору жана паспорт столдору кадимки тартипте – эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин иштейт.   Бирок майрамдарга байланыштуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды документтерди каттоого жана кабыл алууга 29-декабрга чейин кам көрүүгө чакырат.   Ошондой эле мекеме пилоттук… Кененирээк…

Жаңы жылдык майрамдарда тартипти 10 миңден ашык милиция камсыздайт

Жаңы жылдык майрамдарда коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 30-декабрдан 2-январга чейин мекеменин өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иштейт.   Маанилүү, стратегиялык объектилерди коргоого жана жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.   Мындан тышкары эл көп чогулган жерлерде тартипти сактоо… Кененирээк…

Иттер үчүн ачылган Римдеги ресторандын популярдуулугу артууда

Иттер үчүн ачылган Римдеги ресторандын популярдуулугу артууда. Анткени жаныбарлар бул жерде адамдар сыяктуу эле тамак тандоо укугуна ээ.   Анан да аларды эшиктин алдында шайыр кызматкерлер тосуп алып, орундарына чейин узатып барышат. Ар бир столдо ит себет жана атайын чөйчөк бар. Иттер жайгашкандан кийин официант… Кененирээк…

Баткен районунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап калды

Баткен районунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап калды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, курулуштун узундугу 60 метрди түзөт.   Көпүрө Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын бириктирет.   Белгиленгендей, объект мектеп окуучуларынын шартын жеңилдетет. Буга чейин Капчыгай айылындагы окуучулар Ходжаев атындагы мектепке барыш үчүн дээрлик үч чакырымдай айланма жол… Кененирээк…

Жаңы жылдык майрам күндөрү Бишкекте бир нече көчөдөгү кыймыл чектелет

30-декабрдан 1-январга чейин Бишкектеги бир катар борбордук көчөлөр унаа кыймылына чектелет.   Мэриянын маалыматына караганда, бул күндөрү Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн Эркиндик бульваранын Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгында машине менен жүрүүгө болбойт. Ошондой эле унааларды көчөгө токтотууга тыюу салынат.   Ал эми коомдук транспорт кадимки… Кененирээк…

Бишкекте 36 жылдан берки температуранын рекорду жаңыланды

Бишкекте 36 жылдан берки температуранын рекорду жаңыланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызгидромет борборунан билдиришти.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, кечээ ордо калаада абанын табы 18 градуска чейин көтөрүлдү. Көрсөткүч ошол күндөгү максимумдан ашты.   Бул күндүн эң жылуу кышкы күнү 1987-жылы катталган, анда абанын температурасы +16… Кененирээк…

Ноокатта эки завод курулууда

Ноокатта таш майдалоочу заводдун жана асфальт-бетон чыгаруучу ишкананын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Жаңы ишканалар жумуш орундарын түзүүгө гана жардам бербестен, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө да салым кошот деп күтүлүүдө.   Белгиленгендей, алар аймакты жол куруу үчүн сапаттуу материалдар менен камсыз… Кененирээк…