«Лейлек» ГЭСинин биринчи агрегаты жайында ишке берилиши мүмкүн. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган гидроэлектрстанциянын кубаттуулугу 5,9 МВтты түзөт.
ГЭС Баткен облусуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясына курулууда.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү фонддордун бири тарабынан жеңилдетилген насыя катары 5,6 млн доллар бөлүнгөн.