Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыгында жетишилди.

 

Отурум 9-февралда Анкара шаарында өттү.

 

Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков билдиргендей, түзүлгөн келишимдин негизинде жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда экспорт болууга даярдалууда.