Бишкекте балдар ооруканасында гемодиализ борбору курулат

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, гемодиализ борборунан тышкары бул жерде эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөр жайгашат.

 

Курулуш иштерин коомдук фонд каржылайт жана заманбап жабдуулар менен жабдыйт.