Бишкекте Түркиянын, Анкарада Кыргызстандын маданий борбору түзүлөт

Бишкекте Түркиянын, Анкарада Кыргызстандын маданий борбору түзүлөт.

 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы “эки өлкөдө маданий борборлорду түзүү жана иштетүү” жөнүндөгү келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

 

Ага ылайык, Бишкекте Түркиянын маданий борбору түзүлсө, Анкарада да Кыргызстандын ушундай борбору түзүлөт. Борборлордун иши маданиятты, илимди, билимди өнүктүрүүгө, чет жердеги мекендештерге колдоо көрсөтүүгө, алардын эне тилин жана улуттук маданиятын сактоого багытталат.