Бирдиктүү салык декларациясын дээрлик 500 миң киши тапшырды

Бирдиктүү салык декларациясын дээрлик 500 миң салык төлөөчү тапшырды. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, тизмеге юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кирди.

 

Эске салсак, учурда декларация тапшыруунун экинчи этабы жүрүп жатат. Жарандарга отчетторду өз убагында тапшыруу сунушталат.