Кыргызстанда банктардын январдагы таза кирешеси 2,3 млрд. сомду түздү

Үстүбүздөгү жылдын январында Кыргызстандын банктары 2 миллиард 265,8 миллион сом өлчөмүндө таза пайда көрдү. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде тапкан кирешеси 1 миллиард 726 миллион сом болгон эле.
Башкы банк билдиргендей, өлкөдө 23 коммерциялык банк иштеп жатат, алардын 319 филиалы бар.
Эске салсак, былтыр Кыргызстандын коммерциялык банктары тапкан таза киреше рекорддук суммага — 24,2 миллиард сомго жеткен.