Бишкекти көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды

Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, эки айлык 11-мартта башталып, 11-майга чейин уланат. Анын алкагында көчөлөр тазаланып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
«Бул ишке менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле көп кабаттуу үйлөр жана жеке турак жайларда жашагандар тартылмакчы. Мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъектилерге ишти күчөтүлгөн режимде уюштуруу тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.
Мэрия шаардыктарды эки айлыкка активдүү катышууга чакырды.