«Ак шумкарлар» Кытайдын Тайбэй курама командасы менен ойнойт

Бүгүн, 21-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык раунду алкагында Кытайдын Тайбэй командасы менен ойнойт. Үчүнчү турдун алкагында орун ала турган бүгүнкү беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

 

Оюнду БАЭнын рефери Яхья Али Алмулла тейлейт. «Ак шумкарлар» оюн талаасына кызыл формада чыгат.

 

Ал эми аталган командалардын жооптук беттеши 26-мартта Бишкетеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

 

Аталган квалификациялык оюндары үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлын Тайбэй курама курамалары менен кошо «D» тайпасында жайгашкан.

 

Эки турдун жыйынтыгы боюнча улуттук курама үч упай менен тайпанын турнирдик жадыбалында 3-орунду ээледи.