Кайра шайлоого талапкер болууга арыз бергендердин саны ондон ашты

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендердин саны 14кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-марттагы маалыматында айтылат.

 

Кара-Суу шайлоо округунан талапкер болууга арыз бергендер сегиз киши. Алар — Бакир Бакытбек, Ганишер Бадалов, Турдубек Орунбаев, Сталбек Ажимаматов, Илимбек Кубанычбеков, Руслан Маматов, Толкун Эргешов, Дамирбек Давлянов.

 

Ал эми Баткен шайлоо округунан Алимберди Бегматов, Кенеш Салихов, Бактыяр Калпаев, Максатбек Дыйканов, Бакытбек Шадыманов, Асылбек Мадалиев депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берген.

 

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.