Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Селдин алдын алуу үчүн үйдүн жанындагы, чарбактардагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоо керектиги белгиленди.