Бишкекте 6 көчө капиталдык оңдоодон өтөт

Бишкекте 6 көчө капиталдык оңдоодон өтөт. Мэрия бул максатта тендер жарыялады. Ага ылайык, Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Абдрахманов, Горький жана Юнусалиев көчөлөрү ремонттолот.

 

Ауэзов көчөсүндөгү Бишкек ЖЭБинен чыккан каналга жана Жибек Жолу проспектисиндеги Аламүдүн дарыясына көпүрөлөр салынат. Дагы бир көпүрө Шүкүров көчөсүнө Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат.

 

Бул долбоор Ахунбаев менен Медеров көчөлөрүн байланыштырат.