2-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот

2-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
«Өчүрүлчү аймак — Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен жерлер. Мындан тышкары, Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында да таза суу саат 9:00дөн 19:00гө чейин жок болмокчу», — деп жазылат кабарда.
Бул күнү «Контррезервуар» суу топтомосу менен шаардагы суу түтүк тармактары оңдоло турганы кошумчаланды.
«Бишкек суу канал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, элден ичүүчү сууну эртелеп камдап алуну өтүндү.