Баткенде маданий-тарыхый музей пайдаланууга берилди

40 жылдык тарыхы бар Баткен районунун Кара-Булак айылындагы музей үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Аталган айылда биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган. Анда мумияланган келиндин табыты табылган.

Аймактагы табылгаларды сактоо максатында 40 жыл мурда “Мектеп музей” түзүлгөн. Кийинчерээк ал “Элдик музей” деп аталган.

Музейде 2 885 экспонаттар бар. Музейдин курулушуна республикалык бюджеттен 21,7 млн сом жумшалды.

 

Ачылуу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов, район акими Учкунбек Жоробаев баштаган жетекчилер, жергиликтүү тургундар катышты.

 

Тимур Мадяров өз сөзүндө музейдин курулушу аймактагы тарыхий баалуулуктарды сактап калууда жана аймакта туризмди өнүктүрүүгө зор өбөлгө болорун белгиледи.