7-апрель көчөсүндөгү веложолчо жана тротуардын курулушу аяктап калды

7-апрель көчөсүндөгү веложолчо жана тротуардын курулушу аяктап калды.

Мэриянын маалыматына караганда, тилкенин Чүйдөн Кийизбаев көчөсүнө

чейинки аралыгында иштер жүрүп жатат. Жолчонун узундугу 860 метрди түзөт.

Жеринде иштер бүгүн жыйынтыкталып, пайдаланууга берилет.