Ушул ай башынан бери 11 көчөнүн чуңкурлары оңдолду.
Мэриядан билдиришкендей, иштерге “Бишкек асфальт сервис”
ишканасынын 6 бригададан турган кызматкерлери, 8 атайы
техника тартылды. Белгилеп кетсек, оңдоп-түзөлө турган
тилкелердин тизмеси коомчулуктан түшкөн арыздар жана
комиссиялык текшерүүлөрдөн кийин аныкталды. Ремонтко
муктаж жолдор тууралуу маалыматтарды сүрөт жана видео
аркылуу катардагы жарандар дагы муниципалитетке билдирип койсо болот.