«Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативдик туннель куруу каралууда

«Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативдик туннель куруу каралууда.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, туннелдин сметалык баасы 250 миллион долларды түзөт.

Туннелдин узундугу 11 чакырым болуп, ал өзүн 15 жылда актайт,

учурда анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда», — деди Бердалиев.

Маалым болгондой, альтернативдик туннель үчүн акы алынат.