2020-жылы Бишкек шаардык эсептен 40 чакырым жол оңдолот

2020-жылы Бишкек шаардык эсептен 40 чакырым жол оңдолот.

Бул тууралуу Бишкек асфальт сервис ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 40 чакырым жол капиталдык оңдоодон өтүп,

ар бир районго 10 чакырымдан туура келет. Буга шаардык бюджеттен 350 миллион сом

каралууда. Кошумчаласак, кийинки жылы Кытайдын эсебинен

Бишкекте 70 чакырымдан ашык жолду оңдоо жана 6 көпүрө куруу пландалды.