Айнектерин караңгылатууга уруксаат салык жана айыптар боюнча карыздары жок унаалардын ээлерине гана берилет. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, уруксат кагазын 1 жылга берүү пландалууда, эгер машиненин ээси алмашса, уруксатты дагы кайра каттатып алса болот.
Документтин бар-жоктугу Carcheck мамлекеттик порталы аркылуу текшерилет.
Алдыңкы айнектерди караңгылатууга уруксат берүү үчүн тарифтерди министрлер кабинети бекитет. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп жатат.