Бишкекте жыл башынан бери сүт 12 сомго кымбаттады.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2021-жылдын декабрында сүттүн
бир литри 49 сом 50 тыйын болсо, 17-февралда 61 сомго теңелди. Аталган азык Бишкектен
тышкары дагы бир катар аймактарда наркын көтөрдү. Өлкө боюнча эн кымбат сүт
Жалал-Абадда – литри 65 сомдон сатылууда, ал эми эн арзан сүт Жумгалда – литри
35 сомго барабар. Аталган азыктын кымбатташы кышкы сезонго жана тоюттун
баасы өскөндүктөн саан уйлардын азайганына байланыштуу