Кыргызстанга өткөн жылы физикалык жактардан 2 миллиард 756 миллион доллар которулду

Кыргызстанга өткөн жылы физикалык жактардан 2 миллиард 756 миллион доллар которулду.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул 2020-жылга салыштырмалуу, дээрлик 16 пайызга көп.

 

Анда которуулардын суммасы 2 миллиард 377 миллион долларды түзгөн болчу. Белгилеп кетсек, акча которуулардын негизги бөлүгү Россияга туура келет.