Россияда кол салуу учурунда аялдарды коргоого жардам берген кулон жана тиркеме чыгарылды. РИА Новости жазгандай, мойнуна тагылган шайманды баскан учурда ал 3 чакырым аралыкта жүргөн башка колдонуучуга коркунуч тууралуу маалымат берип, полицияга автоматтык түрдө чалуу кетет.
Андан тышкары тиркемеге эркектин үнү менен сүйлөгөн онлайн-ассистент киргизилген.
Ал кол салуу учурунда катуу сүйлөп, кылмышкерди чоочутат деген ишеничтер бар.