АКШ тургуну баласынан белекке алган лотерея билети менен миллионер болду

АКШ тургуну баласынан белекке алган лотерея билети менен миллионер болду. Вирджиния штатынын тургуну билет сатып алып, бирок жумушу менен башка шаарга кеткендиктен, билетти апасына белек кылган.

 

Аял джекпоттун ээси болуп, 1 миллион доллар утуп алды. Эне-бала утушту талашпастан, лотереянын кеңсесине акчаны алып кеткени бирге келишти.