Илон Маск Твиттерди сатып алды

Планетанын эң бай адамдарынын бири Илон Маск Твиттерди сатып алды. Социалдык тармакка ээлик кылуу үчүн ал 44 миллиард доллар төлөдү.

 

Айрым маалыматтарга ылайык, Твиттерде буга чейин иштеген жетекчилик курам акырындап иштен кетүүдө. Белгилеп кетсек, Илон Маск чыгашаны азайтуу максатында иш орундарын кыскартып, акчаны социалдык тармакты инновациялуу кылууга жумшайт.

 

Ошондой эле ал модерация эрежелерин жеңилдетип, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты блоктон чыгарууга убада берди.