Арал-Миң-Куш жолу эки күндөн бери жабык турат

Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун Кызыл-Сөөк тилкесинде жер көчкү түшүп, эки күндөн бери жабык турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

 

Маалыматка ылайык, 15 миң метр куб көчкү 1-май күнү саат 15:00 чамасында түшүп, Миң-Куш дарыясын жарымын басып калган. Натыйжада суунун деңгээли көтөрүлүп, жолдун болжолдуу түрдө 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Аймакта кооптуу абал жаралганына байланыштуу жол убактылуу жабылган.

 

Учурда дарыянын нугун тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында 4000ге жакын киши жашайт.