Бишкекте Лев Толстой көчөсүн калыбына келтирүү соңуна чыгып калды

Бишкекте Лев Толстой көчөсүн калыбына келтирүү соңуна чыгып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп анын 7-апрель-Достоевский көчөлөрүн камтыган тилкеси тууралуу болуп жатат.

 

Трасса колдонууга берилгенден кийин ал аркылуу Ауэзов көчөсүнөн Алыкуловго чейин шаарды кесип өтүүгө мүмкүн болот. Белгилеп кетсек, Лев Толстой көчөсүнүн аталган бөлүгүн буга чейин эле кайра калыбына келтирүү пландалган.

 

Бирок жылуулук тармактарын өткөрүү жана пандемиядан улам иштер кечигүү менен аткарылды.