Кыргызстанда 500 миң гектарга жакын жайыт жер багбанчылыкка жана мөмө-жемиш өстүрүүгө өтөт.
Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров билдирди.
Анын айтымында, ведомство мындай жол менен дыйкандарга алма, алча, малина, кулпунай жана башка жашылча-жемиш өстүрүүгө мүмкүн болгон жерлерге шарт түзгүсү келет.
Чиновник ошондой эле жерлерди трансформациялоо маселеси чечилип калганын белгиледи.