Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү 145ке көбөйөт

Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү 145ке көбөйөт.

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, кызмат орундардын көбөйүшү Баш мыйзамдын

өзгөрүшүнө жана коррупцияга каршы кызматы жоюлганына байланыштуу.

Учурда жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү

кызматында иштегендердин 10 пайызын жумушка алуу, резервде

турган кадрлар арасынан тандоо жана жаш адистерди үйрөтүү

караштырылып жатат. Сунуш жакынкы аралыкта өкмөткө,

аткаруу бийлигине киргизилет.