Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрөт.
Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага жалпы 188 журналист аккредитациядан өттү.
Республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана Тышкы иштер министрлигинде
аккредитацияланган чет өлкөлүк журналисттер болот, — деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, президенттин маалымат жыйыны
Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.