Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат

Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат.

Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти. Эми Юстиция министрлигинин карамагында

болуп келген Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти,

«Унаа» мамлекеттик мекемеси, «Инфоком» мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү

министрлигине өткөрүлдү. Белгилеп кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин

токтому менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөн.