Жергиликтүү жана айрым шаардык кеңештерге шайлоо процесстери токтотулду

Жергиликтүү жана айрым шаардык кеңештерге шайлоо процесстери токтотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.  Белгилеп кетсек, 12-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, ошондой эле Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо өтмөк.

 

Буга чейин БШК аны токтотууга жана жылдырууга укуктук негиз жок деп айтып келген. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жарандардын коопсуздугу үчүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо процесстери токтотулду.