Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравияга расмий сапар менен барды.
Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлат.
Аларга соода-экономикалык, билим берүү жаатында макулдашуу каралган.
Ошондой эле өлкө башчы Сауд Аравиясындагы Кыргызстандын элчилигинин имаратынын
жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугат.