Баткен облусуна 89 медицина кызматкери жөнөтүлдү

Баткен облусуна 89 медициналык кызматкер кесиптештерине жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргонуу секторунун бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

 

Анын айтымында, дарыгерлер жана медайымдар Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкек шаарынан жөнөтүлдү.

 

“Алардын ичинен 37 дарыгер Лейлек районунда жарандарга жардам берүүдө. Ошондой эле Кызыл-Кыя жана Ош шаарларынан дарыгерлердин бригадасы Баткен районунда иштеп жатат”, — дейт ал.

 

Калмаматов кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан 134 кыргызстандык жабыркаганын айтат.