Чек ара жаңжалында жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү иштери башталды

Чек ара жаңжалында жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү иштери башталды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, учурда ведомствонун кызматкерлери Баткен облусунда иштеп, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте документке муктаж жарандардын тизмесин түзүшүүдө.

 

Андан тышкары, аймакта көчмө калкты тейлөө борборлору уюштурулат. Суроолор боюнча жарандар 119 кыска номерине кайрылса болот.